Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:07

Казакбаев: Транзиттик борбордун форматын өзгөртүү каралууда


Эгерде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн биринин каршы пикири болсо, Кыргызстандагы америкалык авиабазанын 2014-жылдан кийинки тагдыры чогуу талкууланат. Уюмдун алдында ушундай мазмундагы атайын кошумча протокол кабыл алынганын Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Анкарада журналисттерге интервью берип жатып айтты. Ал Түркияда расмий сапары өтүп жаткан кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевди коштоп жүрөт. Ошондой эле Казакбаев 2014-жылдан кийин АКШнын Транзиттик жүк ташуулар борборунун форматын өзгөртүү тууралуу кыргыз президентинин сунушу бар экенин кошумчалады. Транзиттик борбор келечекте жарандык болуп, ага Орусия, АКШ, балким Түркия жана башка өлкөлөр катыша алаарын айтты.

Бишкектин четиндеги "Манас" аба майданында жайгашкан Транзиттик жүк ташуулар борбору Ооганстандагы антитеррордук операция үчүн ачылган. Аны АКШ өкмөтү каржылайт. Кыргызстан менен ижара келишимдин мөөнөтү 2014-жылы аяктайт. Жамааттык коопсуздук уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет. (ZB/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG