Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31
Azattyk Twitter

Норвегиялык Андерс Брейвик экинчи текшерүүдөн өтөт


«Азаттыктын» орус кызматы Норвегиянын округдук соту өткөн жайда Осло шаары менен Утойя аралында террордук чабуул жасап, анда 77 кишини ажал таптырган Андерс Брейвикти экинчи ирет психиатриялык текшерүүдөн өткөрө тургандыгын маалымдайт.

2011-жылдын ноябрь айында норвегиялык соттук эксперттер Брейфиктин акыл-эси ордунда эмес деген тыянак чыгарган. Ал эми 2 айдан кийин 3 норвегиялык дарыгер Брейвикти түрмөдө текшерүүдөн өткөрүп, анын акыл-эси ордунда деген бүтүм чыгарган.

“Бул текшерүү биринчи экспертизанын жыйынтыгы туура же туура эместигин аныктоосу керек”, деп билдирди Ослонун округдук соту Венче Элизабет Арнтзен.

Брейвик өзү болсо аны психиатрияда эң мыкты саналган жапониялык дарыгерлердин текшерүүсү зарылдыгын айтууда.
XS
SM
MD
LG