Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:20

"Тай тебиш" өнөрүнүн негиздөөчүсүнө кылмыш иши козголду


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Тай тебиш" мушташ өнөрүнүн негиздөөчүсү Т.К.га диний касташууну козуткан деген айып менен кылмыш козгогонун маалымдады.

УКМКнын маалымат кызматынын билдиришинче, 2011-жылдын октябрь айындагы маалыматы боюнча "Тай тебиш" мушташ өнөрүнүн негиздөөсү өз кадамдары менен диний негизде касташууга чакырат деген айыптоону Мамлекеттик дин боюнча комиссиянын теологиялык экспертизасы тастыктап чыккан.

Учурда бул кылмыш иш тергелип бүтүп, Биринчи май райондук сотуна өткөрүлүп берилген. УКМКнын кызматкерлери "Тай тебиш" мушташ өнөрүнүн негиздөөчү сыртка чыкпоо кепилдиги менен бошотулганын билдиришти. (BkA)

XS
SM
MD
LG