Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:31

Казакстанда эртең парламенттик шайлоо болот


Бүгүн жымжырттык күнү, башкача айтканда, бардык үгүткө тыюу салынат. Ат салышка президент Нурсултан Назарбаевдин "Нур Отан" партиясы, демократиялык "Ак Жол" партиясы, Коммунисттер партиясы, "Патриоттор" партиясы жана Жалпы улуттук социал-демократтар партиясы катышат.

Парламент мандаттарына ээ болуш үчүн ар бир партия 7 пайыздык чектен өтүшү керек. Өнөктүктүн жүрүшүнө 800дөн ашуун эл аралык байкоочу көз салып турмакчы.

Борбордук шайлоо комиссиясы байкоочулар Жаңы-Өзөн шаарына да койо берилээрин ырастады. Былтыр декабрда тополоңдордо 16 киши набыт кеткенден кийин шаарда чукул абал киргизилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG