Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:43

Евробиримдик Standard & Poor's агенттигинин чечимин сындады


Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү Standard & Poor's агенттигинин соңку чечимин сындашууда. Кечээ агенттик биримдикке кирген 9 өлкөнүн кредиттик рейтингдерин төмөндөткөн.

Шаркеттин экономикалык маселелер боюнча комиссары Олли Рен евромейкиндик карыз кризисин жоюу багытында чечкиндүү аракет көрүп жаткан кезде агенттиктин бул кадамы логикага сыйбайт деп сыпаттады. Еврокомиссиянын дагы бир өкүлү Мишел Барньенин айтымында, Standard & Poor's рейтингдерди төмөндөтүү үчүн тандап алган мөөнөтү өтө таң калтырат.

Рейтингдер ылдыйлаган өлкөлөрдүн арасына Кипр, Италия, Франция, Португалия, Испания, Австрия, Малта, Словакия жана Словения бар.

Эксперттердин пикиринде, бул – жакын арада финансылык кризистин кескин тереңдешине алып келбейт. Бирок евромейкиндикке кирген өлкөлөрдүн экомномикасынын жана банк системасынын абалынын акырындык менен начарлашына алып келиши ыктымал.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG