Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:06

Тунисте ыңкылаптын бир жылдыгы белгиленип жатат


2011-жылдын 14-январында элдик толкундоолордун натыйжасында президент Зине Эл Абидин Бен Али Сауд Арапстанга качууга аргасыз болгон. Бийликке каршы көтөрүлүш жашылча-жемиш саткан жигит өзүн өзү өрттөп жибергенден кийин башталган.

Бүгүн баш калаанын борбордук аянтына жүздөгөн киши чогулуп, "биз күрөшүбүздү уланта беребиз" деген ураандарды чакырып турушту. Бен Алинин кулатылганына карабай, ыңкылапка алып келген социалдык абал анча жакшырган жок. Өлкөнү 23 жыл башкарган экс-президент ошол бойдон Сауд Арапстанда баш калкалап жүрөт.

XS
SM
MD
LG