Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:02

Италия: кырсыкка учураган кеменин капитаны камалды


Италиянын жээгинде чөгүп кеткен кеменин 40тай жүргүнчүсүн издөө иштери уланууда. Полиция 3 кишинин каза болгонун бышыктады.

Өрт өчүргүчтөр тобунун башчысы Эннио Аквилини буларды айтып берди:

- Биз ишибизди токтокон жокпуз. Ушул тапта биздин адамдар кооптуу болсо да, кеменин ичинде жүрүшөт. Суу астында сүзүүчүлөр текшерип, кеме аңтарылып кетпейт болушу керек дешти. Бирок эч ким кепил боло албайт.

Кемеде бараткан 4 миң 200дөй кишинин көбү кырсык болгон жерге жакын аралга эвакуацияланган. Тергөөчүлөр кырсыктын себептерин иликтеп жатат. "Коста Конкордия" деген люкс кеме жума күнү кечинде порттон чыккандан көп узабай тайыз жерде суу астындагы таштарды сүзгөн. Адистер узундугу 290 метрге жеткен лайнер жээкке жакын сүзүп барбашы керек эле дешет. Кеменин капитаны камакка алынды. Ага коопсуздукту сактоо эрежелерин бузуу жана жүргүнчүлөрү бар кемени калтырып кетүү деген айыптар тагылууда.

XS
SM
MD
LG