Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Пан Ги Мун Асадды жаңжалды токтотууга үндөдү


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун Сириянын президентин кан төгүүлөрдү токтотууга үндөп, Жакынкы Чыгышта бир өлкөнү “бир үй-бүлө башкарган” доордун аяктаганын билдирди. Ливандын баш калаасында конференцияда сүйлөгөн баш катчы Башар Асад өкмөткө каршы чыгууларды күч менен басууну токтотушу керек деди. БУУнун маалыматына ылайык, 10 айдан бери уланып келаткан жаңжал 5 миңден ашуун адамдын өмүрүн кыйды.

Ал тапта Асад көтөрүлүш маалында камалган адамдарга мунапыс жарыялады. Сириянын САНА кабар агенттиги билдиргендей, мунапыстан армиядан качкан аскерлер, тынч демонстранттар жана мыйзамсыз курал менен кармалгандар пайдалана алышат. Ошол эле маалда бир нече ирет амнистия берген Асад жаңжалды жөнгө салуу багытында конкреттүү кадамдарды жасай элек.

XS
SM
MD
LG