Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Казакстанда добуш берүү аяктады


Казакстанда парламенттин төмөнкү палатасына депутаттарды шайлоо аяктап, кечки саат 8де добушканалар жабылды. Декабрда тополоңдор орун алган Жаңы-Өзөн шаарында да комменданттык саатка карабай, шайлоо өткөрүлдү. Оппозиция жана айрым жергиликтүү байкоочулар мыйзам бузуулар катталганын ырасташууда.

Расмий маалыматка караганда, саат 19га карай добуш бергендердин саны 70 проценттен ашты. Президент Нурсултан Назарбаевдин “Нур Отанына” атаандаш чыккан 6 партиянын кеминде бирөө 7 проценттик чектен өтө албаса да, мандаттарга ээ болот. Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга тиешелүү түзөтүү жыл этегинде Жаңы-Өзөн шаарында болгон кандуу окуялардан кийин киргизилген.

Ошентип, салтка айланган бир партиялуу системага чекит коюлат деп болжолдонууда. Назарбаев добуш берип жатып, бүгүнкү шайлоону өлкө үчүн “чоң сынак” деп атады.
Сынчылар болсо бул шайлоо өлкөнүн парламенттик системасына олуттуу өзгөрүү алып келбейт дешет. Марага экинчи болуп “Нур Отандын” мурдагы мүчөсү жетектеген президентчил “Ак Жол” партиясы келет деп болжолдонууда.

XS
SM
MD
LG