Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:33

Бишкекте Аскердик даңк музейин ачуу сунушталды


Бишкекте Аскердик даңк жана Куралдуу күчтөр музейин ачуу керек. Мындай сунушун Кыргызстандагы Согуш жана эмгек ардагерлер республикалык кеңешинин төрагасы Тарас Токомбаев чек арачы аскерлер менен жолугушууда айтты. Музейди Эмен паркындагы Түбөлүк оттун тушуна ачуу сунушталды.

Чек арачылардын ардагерлер менен жолугушуусу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматынын демилгеси менен уюштурулганын аталган кызматтын маалымат борборунан кабарлашты. (RK)

XS
SM
MD
LG