Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:26

Абдирасулова: Абактагылардын жакындары менен адвокаттарын милиция кармап кетти


Бишкектеги №1 тергөө абактын алдында чогулган адвокаттарды жана абактагылардын жакындарын терезеси тордолгон автобуска салып кетип жатышат. Бул тууралуу "Азаттыкка" укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова билдирди. Аталган абакка бүгүн эртең менен беткап кийген адамдар камераларга кирип келип, уруп сабаганы, абактагылардын айрымдары кан тамырларын тилип, төшөнчүсүн өрттөп жибергени айтылууда.

Ызы-чуу болуп жатканын абактагылар телефон аркылуу билдиришип, алардын жакындары, адвокаттары чогула башташкан. Өрт өчүргүч, тез жардам унаалары тартылган.

№1 абак Жаза аткаруу кызматынан карамагында. Бирок аталган кызматтан азыркыга чейин расмий маалымат боло элек. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG