Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Оштогу көп кабаттуу уйлөрдүн 30 пайызында жылуулук жок


Ош шаарындагы көп кабаттуу 438 үйдүн 123үндө жылууулук жок. Бул тууралуу мэрдин орун басары Рустам Мирзаматов "Азаттыкка" билдирди.

Ош шаарындагы үйлөрдү Жылуулук камсыздоо ишканасы жана Жылуулук борбору тейлейт.

Жылуулук менен камсыздоо ишканасына караган 153 үйдүн 48и, Жылуулук борбору тейлеген 280 үйдүн 75и ысыбайт.

“Бул көрсөткүчтөр мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайган. Былтыр андай үйлөр 200гө жакын болчу”,- дейт вице-мэр.

Ушул тапта Оштогу кабаттуу үйлөрдү жылуулук менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Түтүктөрдү жаңыртуу, ремонт иштерин жүргүзүүгө кетчү каражаттын жарымын тургундар топтоп, жарымын шаар бийлиги берүүдө. Жашоочулардан топтолчу акча толук болбогондуктан, айрым үйлөр дагы эле жылуулук ала элек. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG