Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Пакистан: Сот менен өкмөттүн тиреши курчуду


Пакистандын Жогорку Соту премьер-министр Юсуф Реза Гиланини өлкө президентинин коррупцияга катыштыгын текшерүү боюнча соттун чечимин аткарбады деп күнөөлөдү. Жогорку Соттун чечими - Гилани сот жообуна тартылып, кызматтан кетиши мүмкүн дегенди түшүндүрөт.

Премьер-министр 19-январга чейин сотко келип, эмне үчүн Жогорку Соттун чечимин аткарбаганын түшүндүрүп бериши шарт. Сот өкмөттөн президент Азиф Али Зардаринин 1990-жылдардын башындагы коррупцияга катышуусун текшерүүнү каалайт. Өкмөт болсо президент Зардаринин кол тийбестик укугу бардыгын негиз кылып, кылмыш ишин ачпай жаткан.

XS
SM
MD
LG