Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Тополоң чыккан абактагы абал дале кооптуу


Абактагылардын жакындары дароо түрмөнүн жанына чогулуду. Бишкек, 16-январь.
Абактагылардын жакындары дароо түрмөнүн жанына чогулуду. Бишкек, 16-январь.

Укук коргоочулар Бишкектеги №1 тергөө абагындагы башаламандык жөнгө салынганы менен кооптуу кырдаал дале сакталып турганын айтууда.

16-январда эртең менен бул абак жайда тополоң чыккан. Ага абакта барктуу саналган эки соттолуучуну башка жакка которуу үчүн барган атайын бөлүктүн кызматкерлери менен камактагылардын тирешүүсү себеп болгон. Таяк жеген түрмөдөгүлөр өз төшөнчүлөрүн өрттөп, айрымдары кан тамырларын кескен. Алардын тергөө абагына чогулган жакындары күч менен таркатылып, айрымдары коомдук тартипти бузду деп, Октябрь райондук милициясына жеткирилген.


Чатак эмнеден чыкты?


Жазаларды өтөө кызматы №1 тергөө абагында 16-январда орун алган тополоң кечке маал тынчыганын кабарлады. Аталган тергөө абагындагы абал жөнгө салынып, камактагылар кечки тамагын ичишти.

Тергөө абагында тополоң чыгышынын себеби тууралуу эки ача маалымат айтылууда. Жазаларды өтөө кызматынын жетекчисинин кеңешчиси Табылды Исаевдин айтымында, жыл сайын өткөрүлгөн абактардагы тинтүү иштеринин жүрүшүндө айрым камактагылар кызматкерлерге каршылык көрсөткөн:

- Соттолуучуларды биз камерасынан чыгарып, текшерип жаткан учурда алар чыкпай керебеттердеги төшөнчүлөрдү өрттөдү. Чыгышкан жок. Биз алар өлүп калбасын деп чыгарганга аракет жасадык, болушкан жок. Дарыгерлерди киргизүүгө аракет кылдык. Аларды киргизбей коюшту. Бизге кол сала баштады. Төрт кызматкерибиздин бетине кайнак суу чачып, жарадар кылды. Экөөнү сабашты.

Тергөө абагына кирип чыккан акыйкатчы Турсунбек Акундун билдиришинче, абактагылардын арасында барктуу саналган эки кишини башка жерге которуу чечими нааразычылыктарды жараткан. Абактын жетекчилиги тополоңду басуу максатында милициянын атайын бөлүгүн киргизип, күч колдонгон. Ага нааразы болгон камактагылар өз төшөнчүлөрүн өрттөй башташкан. Акундун айтымында, абактын ичинде уруп-согуулардан жабыркагандар арбын:

- Жабыр тарткан адамдар көп, мурду сынгандарды, буту сынып жаткандарды көрдүм. Бети-башы кан болгондорду көрдүм. Жабыркагандар көп. Бирок эң негизгиси - абалды тынчыттык.

Бул арада тополоңдо мерт болгондор бар деген маалымат тарады. Бирок мындай маалыматты Жаза өтөө кызматы да, акыйкатчы да төгүндөдү.


Митингчилер күчтөп таратылды


Окуяны уккан №1 тергөө абагындагылардын жакындары дароо чогулушуп, абалды түшүндүрүүнү түрмө жетекчилигинен талап кылышты. Абактын айланасы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынды. Митингге чыккандар бул курчоону жарып өтүүгө бир нече жолу аракет кылышты.

Баласы камакта отурган Олег Гончeров уулунан уккандары боюнча абактын ичиндеги абалды төмөнкүчө айтып берди:

- Тергөө абагында башаламандык болуп жатыптыр. Бизге жеткен маалымат боюнча, эртең менен милициянын атайын бөлүгү, абактагыларды ур-токмокко ала баштаган экен. Азыр болсо, ошол эле түтүн чыгаруучу каражаттарды абактын ичине ыргытып жатыптыр. Абактын ичиндегилер думугуп жатышат. Эртээрек бир чара көрүш керек. Абактын башчысын чакыруу керек, аны менен байланышканга аракет кылып атабыз, бирок бизге эч ким чыккан жок. Эч кимди эч жакка өткөрбөй жатышат. Бул эмне деген мамлекет?!

Милициянын атайын бөлүктөрү камактагылардын нааразылык билдирип, акцияга чыккан туугандарын күч колдонуп таратышты.

Окуяга күбө болгон Махинур Ниязова милиция мындай кадамы менен окуянын ырбашына жол ачты деп эсептейт:

- Камактагылардын элүү чакты жакындары тергөө абагынын жанында туруп кыйкырып жатышкан. Бирок аларды милиция алыстатууга аракет кылды. Бирок мындай аракеттен жыйынтык чыкпаган соң милиция кысып келип, эки автобуска сала баштады. Ушул учурда милиция күч колдонуп, айрымдарын уруп-согуп жатканын көрдүм. Дал ушул учурда абактын короосунан бир нерсе жарылганга окшогон үн чыгып, камактагылардын “жардам бергиле” деп кыйкырып жатканы угулуп турду.

Коомчулук абактагылардын жакындарынын мындай орой мамилеге тушугушун ар түрдүүчө жоруп жатат.

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун өкүлү Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында, Жаза өткөрүү кызматынын маалыматты жашырып жабууга болгон аракети, милициянын митингге чыккандарды кууп таратышы көптөгөн күмөн ойлорго жол ачууда:

- Бул жерде бир нерсени жашырып жаткандай жыйынтыкка келип жатабыз. Эгер чындыгында эле мерт болгондор жок болсо, ачык эле айтып коюшса болмок. Баарын кууп таратып, ал жерде баарын тазалап туруп, бир нерселерди кылганы жатабы деп ойлоп жатам.

Буга чейин күч менен таркатылган митингичилердин айрымдары коомдук тартипти бузду деп Октябрь райондук сотуна жеткирилгени кабарланган. Аларга кандай чаралар колдонулганы тууралуу макала даярдалып жаткан учурда расмий маалымат таратылган жок.


№1 абактагы тополоң
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:01 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG