Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Пан Ги Мун: Сирияда жагдай өтө начар


БУУнун башкатчысы Коопсуздук Кеңешин “кырдаал ынангыс” болуп бараткан Сирияда өтө олуттуу аракеттенгенге чакырды.
Пан Ги Мун мындай кайрылууну Абу Дабиде өтүп жаткан энергосаммиттен сырткары убакта жасады. Сирия оппозициясынын билдиришинче, бүгүнкү кагылыштарда 11 адам набыт болгон. Араб өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери жекшемби күнү болчу кездешүүдө Сириядагы миссиясынын ишин талкуулайт. Миссия 10 айдан бери президент Башар Асадга каршы көтөрүлүштү тынч токтотуу боюнча ырасмий Дамаск ноябрда кабыл алган тынчтык планынын шартынын аткарылуусун текшерүүдө. Бул топ Сирияга 26-декабрда барган. БУУнун эсебинче, он айдан берки козголоң учурунда 5 миңден көп адам өлгөн. Сирия өкмөтү кагылыштарда бардыгы 2 миңдей адам өлгөнүн, алардын ичинде аскерлер да бар экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG