Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:29

Банк уячаларынын таржымалы кайра иликтенет


2010-жылдын 7-апрелинен кийин Кыргызстандын банк уячаларынан алынган акча каражаттарынын сакталышын жана жумшалуусун текшерүү боюнча жумушчу топ түзүлдү. Мындай чечим Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитетинин кечээки жыйынында кабыл алынды. Парламенттин жаңы түзүмүнө ылайык, бул комитетке оппозициядагы “Ата-Журт” фракциясынан депутат Ахматбек Келдибеков төрагалык кылат.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлагандай, жаңы түзүлгөн жумушчу топтун курамына 5 фракциядан бирден өкүлдөр кирди. Жумушчу топ Каржы министрлиги менен бирге иш алып барып, иликтөөнүн жыйынтыгы былтыркы жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу өкмөттүн отчету угулганга чейин чыгарылууга тийиш.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин “АзияУниверсалБанк”, “Манас” жана “Бакай” банктарынын атайын уячаларынан кеминде 21,5 миллион доллардай акча чыккан. (KKs)

XS
SM
MD
LG