Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:34

Улуттук кастыкка түрткү болуучу 147 очок бар


Кыргызстанда этнос аралык араздашууга түрткү болуучу 147 очок бар. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Шамил Атаханов кечээ Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди. Бул очоктордун ичинен 29у өзгөчө кооптуу аймактар болуп саналат. Комитет жыйынында этностык негизде тирештер социалдык теңсиздиктен улам келип чыкканы айтылды. Маалыматка ылайык, декабрь соңунда Баткендин Андарак айылындагы улут аралык кагылышуу боюнча он адамга иш козголду. Ал эми Чүй облусунун Жаңы-Жер айыл аймагындагы окуяга байланыштуу беш адам кармалды. Этностук карама-каршылыктарды жөнгө салуу боюнча шашылыш сунуштарды иштеп чыгуу жагы өкмөткө тапшырылды. (KJ/KKs)

XS
SM
MD
LG