Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:48

Тополоң чыккан абактан курал, маңзат чыкты


Тополоң чыккан Бишкектеги биринчи тергөө абагын тинтүү учурунда курал-жарак жана маңзаттар табылды. Мамлекеттик жаза аткаруу мекемесинин жетекчисинин кеңешчиси Табылды Исаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, тинтүү убагында кесүүчү куралдан 8 даана, 269 грамм маңзат, 3 мобилдик телефон, 1200 доллар, жасалма ачкычтын беш түрү, 60ка жакын ар түрдүү заттар алынды. Учурда бул тергөө абагында абал тынчып, бир катар түрмөлөрдө жарыяланган ачкачылык токтоду. Кыргызстандагы жалпы абактар күчөтүлгөн тартипте көзөмөлгө алынууда.

Кечээ Бишкектеги биринчи тергөө абагында жаткандар менен түрмө кызматкерлеринин ортосунда карама-каршылык пайда болгон. Анын натыйжасында төрт түрмө кызматкери, камактагылардан кеминде жетидей адам жаракат алганы кабарланган. (KKs)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG