Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:37

Баткен: Губернатордун тарапкерлери митингге чыгышты


Ушу тапта Баткен облустук администрациясынын алдында жүздөй киши чогулуп турат. Кабарчыбыздын маалымдашынча, алар облус губернатору Арзыбек Бурканов кызматтан алынбашы керек деген талап коюшту. Митингчилердин пикиринде, былтыр декабрда Андарак айылында чыккан калайман мушташ үчүн Буркановду күнөөлөө негизсиз.

Кечээ парламенттик комитетте Кыргызстандагы этностук тирешүү орун алган акыркы окуялардын курчушуна жергиликтүү бийлик башчыларынын жоопкерсиз мамилеси себеп болгону айтылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Шамил Атаханов "Бурканов жоопкерсиздигин жана аракетсиздигин көрсөттү. Биздин аталган облус боюнча башкармалык берген шашылыш маалыматка ал алты саат бою жооп берген эмес" деп айткан.

Жогорку Кеңештин коргонуу жана коопсуздук комитети да өз токтомунда аталган окуяларга кайдыгер караган жетекчилердин жоопкерчилигин кароо боюнча өкмөткө сунуш киргизген. (ErN/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG