Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Жээнбеков Ош, Жалал-Абад боюнча мамдирекцияны жетектеди


Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси болуп Жусупжан Жээнбеков дайындалды. Бул тууралуу буйрукка премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койду.

Жээнбеков аталган мекемеде былтыр жайдан бери директордун биринчи орун басары болуп иштеп келаткан. 2005-жылга чейин ал оппозицияда жүрүп, кийин Жалал-Абад облусунун губернатору, андан соң Жогорку Кеңешке социал-демократтар партиясынан депутат болуп келген. Депутаттык мандатынан 2008-жылы октябрда өз ыктыяры менен баш тарткан.

Мамдирекция 2010-жылдын июн окуяларынан кийин түзүлгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG