Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Акыйкатчы: Абакта жараат алган бир адам көз жумду


Бишкектеги №1 тергөө абагында бүгүн эртең менен Нурбек Алымбаев деген жигит мерт кетти. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы Турсунбек Акун кабарлады. Анын айтымында, Алымбаев кечээки тополоңдо жараат алгандардын бири. Ага карата тергөө амалдары гана жүрүп жаткан, соттоло элек болчу. Иши бүгүн сотто карала баштамак.

Акыйкатчынын билдиришинче, кечээ күнкү окуядан кийин оор жараат алган 4 кишини №1 тергөө абагынан №47 түрмөгө дарылоого алып кетишкен. Алымбаевди ал жакка которушкан эмес.

16-январда №1 тергөө абагында тополоң чыгып, абактагылар аларды атайын милиция кызматкерлери ур-токмокко алганын айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG