Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Жаза аткаруу кызматы: камалган адам көз жумганы чын


Бишкектеги №1 тергөө абагында бир адам бүгүн каза болгону чын. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматынын маалымат катчысы Жолдошбек Бусурманкулов билдирди. "1986-жылы туулган Нурбек Алимбаев деген жигиттин өлүмү кечээ болгон тополоңго тиешеси жок. Ал апийимге уулангандыктан жүрөгү токтоп өлгөнү айтылууда. Бишкектин Ленин райондук милициясы тарабынан кылмышка шектүү деп кармалган", - деди Бусурманкулов.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун бүгүн "Азаттыкка" кабарлаган маалыматы боюнча, "Нурбек Алымбаев деген жигит кечээ алган жараатынан кийин каза болду". (RK)

XS
SM
MD
LG