Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Ош аэропорту кеңейтилет


“Ош” эл аралык аэропортунун аянты быйыл 7,5 гектарга кеңейтилет. Бирок курулуш иштери качан башталаары жана канча каражат жумшалаары анык эмес. Бул тууралуу “Азаттыкка” аэропорттун директору Орозбек Калдаров билдирди.

Маалыматка ылайык, өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов өткөн жылдын аягында Ошко келгенде учак майданы быйыл кеңейтилип, кошумча аэробекет курулаарын айткан.

Оштогу учак майданы эл аралык болуп эсептелгени менен, андай стандартка жооп бербестиги айтылып келет.

Аэропорт 1974-жылы курулган. Жалпы аянты 167 гектар. Учак кончу тилкенин узундугу 2 814 метр. Бишкекке, Орусияга жана Кытайга каттамдар аткарылат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG