Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Атамбаев Назарбаевге куттуктоо катын жолдоду


Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев казак президенти Нурсултан Назарбаевди Казакстандын Мажилисине шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктады.

Президенттин белгилешинче, бул шайлоону Казакстан элинин Назарбаевге болгон өзгөчө ишениминин далили катары кабылдаса болот.

Казакстандын шайлоо өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, жаңы парламентке үч партия – президент Нурсултан Назарбаевдин Нур-Атаны добуштардын 80 пайызы менен, жана ар бири жети пайзыдан алган ишкерчиликти колдогон Ак-Жол менен коммунисттер кирди.

Европадагы коопсуздук жана кызматташттык уюму 15-январда шайлоо «демократияалык добуш берүүнүн түп-негиз жоболоруна жооп берген жок» деген бүтүм чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG