Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:51

Италияда кырсыктан аман калгандарды издөө уланууда


Италиянын жээк кызматынын маалыматына караганда, бүгүнкү күнгө карата 29 адам: 25 жүргүнчү жана экипаждын 4 мүчөсү дайынсыз деп эсептелинүүдө.

Бортунда 4200 жүргүнчү бар “Конкордия” круиз кемеси 13-январда жээкке жакын жерде бир капталына оодарылып калган. Кырсыкта алты адам каза тапканы буга чейин ырасталган.

Бийликтер кеменин капитанын камакка алышса, анын ээси кырсык навигациядагы жаңылыштыктан улам болгонун билдирүүдө.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, деңизге май төгүлгөнү байкалды.

Бул маалымат кокус кемени күйүүчү май турган жабдуусу бузулса, деңизге куйулган май экологияга олуттуу зыян тийгизеби деген кооптонууларды жаратууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG