Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Евробиримдик Венгрияга эскертүү жасады


Биримдиктин аткаруучу органы – Евркомиссия Венгриянын Борбордук банкты реформалоо, маалыматтарды коргоо жана сот бийлиги боюнча мыйзамдарында туура эместиктер бар деп тапты.

Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэл Барросонун айтымында, “алар Венгрия тийиштүү өзгөртүүлөрдү жасайт деп үмүттөнөт. Бул азырынча ишке аша элек".

Евробиримдиктин эрежелери боюнча Еврокомиссия уюмга мүчө өлкөлөрдөн суроо жараткан улуттук мыйзамдарын оңдоону расмий суранат. Эгер бул өтүнүч четке кагылса, маселе Европанын Адилеттүүлүк сотуна берилип, ал өлкөгө айып салынат.

Венгриянын учурдагы премьер-министри Виктор Орбандын өкмөтү бир катар мыйзамдарды жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү кабыл алгандан кийин эл аралык коомчулуктун кескин сынына дуушар болду. Орбанды сындап жаткандардын пикиринде, жаңы мыйзамдар бийликти бир колго ашыкча топтоштурат.

XS
SM
MD
LG