Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:34

Түркия: Армян журналисттин өлүмүнө айыпталган адам өмүр боюу кесилди


Маркум Грант Динктин жакын санаалаштарынын Истамбулдагы жүрүшү. 17-январь, 2012-жыл.

Маркум Грант Динктин жакын санаалаштарынын Истамбулдагы жүрүшү. 17-январь, 2012-жыл.

Окуя мындан беш жыл мурун, 2007-жылы Стамбулда болгон. Түрк жана армян тилинде чыгуучу “Акос” гезитинин редактору Грант Динк ок жеп каза тапкан эле. Ал армяндардын XX кылымдын башында Осмон империясы тарабынан кырылышын геноцид катары мүнөздөө менен түрк улутчулдарынын кыжырдануусун жараткан. Былтыр июлда Түркиянын соту журналистти өлтүргөн Огюн Самастты дээрлик 23 жылга түрмөгө кескен. Кылмыш жасалган кезде ал он жети жашта эле.

Бүгүн болсо Стамбулдун соту армян тектүү журналистти өлтүрүүгө тукурган деп айыпталган Ясин Хайалды өмүр боюу эркинен ажыратты. Бирок сот Хайалды башка бир катар айыптардан: террордук уюмдун көрсөтмөсү менен аракеттенген, журналисттин үй-бүлөсүнүн жана адвокаттарынын кыжырдануусун туудурган деген айыптардан актады.

Сот жараяны жүрүп жаткан кезде ондогон интеллектуалдар, саясатчылар, адам укугун коргогон активисттер жүрүш жасашып, бийликти журналисттин өлүмүнүн артында турган расмий өкүлдөрдү жазалоого чакырышты. Адвокаттар менен маркум журналисттин үй-бүлөсүнүн айтымында, сот кылмышка шектүүлөр менен кээ бир расмий өкүлдөрдүн ыктымал байланышы жөнүндөгү ырастоолорду караган жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG