Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Кулматов Бажы кызматын мындан ары да жетектейт


Өкмөт башчы Өмүрбек Бабановдун буйругу менен Кубанычбек Кулматов Мамлекеттик бажы кызматынын башчылыгына кайрадан дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Кулматов бул кызматты парламенттеги биринчи коалициялык көпчүлүк түзгөн өкмөт маалынан бери жетектеп келген. Өткөн жылдын жаз айларында Кулматовдун Орусиянын жараны экени жөнүндө маселе парламентте көтөрүлгөн. 7-июлда өкмөттүн аппараты анын кызматка келишинде мыйзамсыз жагдайлар жок деп тапканын маалымдаган. (KKs)

XS
SM
MD
LG