Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Абак алдында чуу салды делген үч адамга айып тагылды


№1 тергөө абагындагы жакындарын колдоп, дүйшөмбү күнү митингге чыккан үч адамга кылмыш иши козголду. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, бул үч адамга “ээнбаштык кылган” деген айып тагылууда. Бирок укук коргоочу Азиза Абдирасулова алар камакка негизсиз алынганын билдирүүдө. ИИМ маалыматына ылайык, эки күн мурда тергөө абагындагы тополоң учурунда жалпы митингге чыккан 83 адам кармалган. Октябр райондук сотунун чечими менен 51 адамга эскертүү берилген. 7 адамга айыппул салынып, 25 адамга административдик жаза тагылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG