Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:54

Ош: Шаардык кеңешке шайлоо үчүн каттоо башталды


Ош шаарында саясий партиялардын тизмеси боюнча шаардык кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык жүрүп жатат. Шаардык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Маматалиева “Азаттыкка” билдиргендей, саясий партиялар 22-январга чейин талапкерлердин документтери менен тизмелерди тактап тапшыруулары керек.

«Бул шайлоонун өзгөчөлүгү Ош шаарында каттоосу бар гана жарандар шайлоого катыша алышат. Учурда партиялар жыйындарын өткөрүп жатышат. Анын жыйынтыгы бизге талапкерлердин тизмесин тапшырышат», - дейт Маматалиева.

Шайлоо 4-мартта өтөт. (SE/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG