Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Ысык-Көл: Ай башынан бери 9 жол кырсыгында 5 киши набыт болду


Акыркы үч күндүн ичинде жааган кардан жол тайгак болуп Ысык-Көл облусунда 7 жол кырсыгы катталды. Көпчүлүк айдоочулар материалдык чыгымга кабылганын "Азаттыкка" облустук жол көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Бакыт Оморов билдирди. Айтымында, жыл башынан Ысык-Көл облусунда 9 жол кырсыгы катталган, 5 адам набыт болуп, 20 киши жаракат алып ооруканага кайрылган. Буга чейин маалымдалгандай, Каракол шаарында жолдогу музду ээритиш үчүн техникалык туз жок болгондуктан, көмүрдүн күлүн сээп жаткандары кабарланган болчу. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG