Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:59

Абактарда ачкачылык уланууда


Кыргызстандагы сегиз абак жайда ачкачылык уланып жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов билдирди. Маалыматка ылайык, түрмөдөгүлөр Бишкектеги биринчи тергөө абагында бир камераны ачык койгула деп талап кылышууда. Бирок бул талаптын түпкү себеби толук ачыктала элек. Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков кечээ парламентте сөзүндө абактагылардын талаптары аткарылбай турганын билдирген. Дүйшөмбү күнү Бишкектеги биринчи тергөө абагында тополоң чыккан болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG