Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Украинда каржы министри кызматынан кетти


Президент Виктор Янукович бюджетти жана начар экономикалык божомолду сынга алгандан кийин каржы министри Федир Ярощенко кызматынан кетти. Ал өз отставкасынын себебин атаган жок. Янукович дароо эле анын ордуна Украинанын коопсуздук кызматын жетектеген Валерий Хорошковскийди алып келди. Экономикасы орус газынын өз аймагы аркылуу Батышка ташылышына көз каранды болгон Украина Москваны газдын баасын арзандатууга көндүрө албай келатат. Мындан тышкары Эл аралык Валюта кору Украинага 15 миллиард доллар чукул карыз берүүнү токтотуп койгон.

XS
SM
MD
LG