Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:05

Алматыда Павлюктун өлүмү үчүн кесилгендердин апелляциялык соту башталды


"Азаттыктын" Казак кызматы билдиргендей, сот иши кесилгендердин катышуусу жок өтүүдө. Өткөн октябрда Кыргызстандын коопсуздук кызматкери Алдаяр Исманкулов 17, эки казак жараны 10, 11 жылдарга эркинен ажыратылган.

Кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы декабрда Алматыда колу-буту тушалган бойдон бийик имараттан ыргытылгандан кийин көз жумган. Павлюктун урук-туугандары жана кесиптештери аны ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин атаандаштары менен иштешкени үчүн саясий буйрутма менен өлтүрүлгөн деп келишет.

XS
SM
MD
LG