Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:06

Казакстан ЕККУнун байкоочуларына тыюу салбайт


Казакстандын АКШдагы элчисинин сөзү боюнча, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюмунун Казакстандагы шайлоого берген терс баасына карабастан, бул уюмдун байкоочулары келечекте да Казакстанга чакырылат. Эрлан Идрисов Вашингтондо кабарчылардын суроолоруна жооп берди. Кечээ казак президенти Нурсултан Назарбаев "Биздин шайлоону сынга алгандар жалдаган эксперттерди Казакстанга чакырбайбыз" деп айткандыгы кабарланган. Бул билдирүүнү Идрисов мындайча түкшүмөлдөдү:

- ЕККУнун отчету тең салмактуу болбогонун көрүп турабыз. Назарбаевдин айтканы - расмий билдирүү. Бирок мен аны Казакстан кызматташууга ачык деп түкшүмөлдөйт элем. Казакстан ЕККУнун өлкөнүн маанилүү шериги деп эсептейт. Уюмдун байкоочулары келерки жолу да Казакстанга чакырылат.

ЕККУ 15-январдагы парламенттик чукул шайлоону «демократиялык фундаменталдык эрежелерге жооп берген жок» деп тапкан.

XS
SM
MD
LG