Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:34

Кочкор-Ата: Мэр шайлоого бир гана талапкер катталды


Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаар мэрин шайлоо 20-январда өтөт. Бул кызматка бир гана талапкер көрсөтүлүп жатат. Кубанычбек Эгембердиев аттуу талапкерди шаар кеңештин “Адилет” депутаттык фракциясы алып чыгууда. Шаардык кеңештин 19 депутаты бар. Талапкер мэрлик кызматка шайлануусу үчүн депутаттардын көпчүлүк добушун алуусу керек. Мындай маалымат Кочкор-Ата шаардык кеңешинин төрагасы Улан Султаналиевден 19-январда алынды. Анын айтымында, былтыр күзүндө болгон шаар башчысынын шайлоосуна эки талапкер катышып, депутаттардын жетиштүү добушун албагандыктан алардын бири да мэр кызматына өтө алган мес. Шаарда газ жана мунай өндүрүүчү республикадагы эң ири ишкана болгон “Кыргызмунайгаз” акционердик коому бар.(YA/RK)

XS
SM
MD
LG