Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

17 абактын 13үндө ачкачылык жарыяланды


Кыргызстандын төрт абагынан башкаларынын баарында ачкачылык жарыяланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Өлкөдө 32 абак бар. Алардын 15и жатак колония. Калган 17си кадимки түрмөлөр жана тергөө абактары. Ошолордун ичинен ачкачылык жарыялабагандары - Нарындагы тергөө абагы, Вознесеновка айылындагы өспүрүмдөр колониясы, Степное айылындагы аялдар түрмөсү жана ошол эле жердеги аялдардын тергөө абагы. Калгандарынын баарында камалгандар тамактан баш тартышууда. Алар Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан айрымдардын камерасын жаппай, ачык коюну талап кылып жаткандары айтылууда.

Кечээ парламентке чакырылган Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков "ачпайбыз, бул мейманкана эмес, ачка калса кала беришсин, макул, азыр бир камераны ачып берели, эртең экинчисин, үчүнчүсүн ачкыла деп чыгышат", - деген болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG