Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:24

Пакистан өкмөт башчысы Гилани Жогорку сотко чакырылды


Пакистандын Жогорку соту премьер-министр Юсуф Реза Гиланинин ишин кароону 1-февралга жылдырды. Гилани президент Асиф Али Зардаринин коррупция боюнча ишин кайра ачуу токтомун аткарбаганын сотко түшүндүрүшү керек.
Соттук угуу премьердин отставкасына алып келиши ыктымал. Гиланинин адвокаты Аитзаз Ахсандын айтымында, өкмөт башчынын сотко барышы мыйзам үстөмдүгүн жана анын Жогорку сотту урматтаарын далилдейт.

Жогорку соттун чечими менен өкмөт 1990-жылдары Зардариге каршы козголгон ишти кайра кароо өтүнүчүн Швейцарияга жибериши керек эле. Бирок Гилани баштаган кабинет президенттин кол тийбестигин жүйөө келтирип, ал токтомду аткаруудан баш тарткан. Зардари жана анын маркум жубайы Беназир Бхуттонун кылмыш иши Пакистан өкмөтүнүн өтүнүчү боюнча жабылган.

Сот бийлиги менен аскерий эмес өкмөттүн ортосундагы талаш Пакистан баштан кечирип жаткан саясий кризистин бир гана бөлүгү. Армиянын катуу сынына кабылган өкмөт генералдар мамлекеттик төңкөрүш жасоону көздөшүүдө деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG