Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:32

Интернет пиратчылыгына каршы долбоордун жактоочулары чегинүүдө


АКШда айрым депутаттар Интернеттеги пиратчылыкка каршы күрөшүүнү караган мыйзам долбоорлорун колдоодон баш тартты. Кечээ Википедия англис тилиндеги сайтын 24 саатка жаап салган. Нааразылык акциясына бир катар башка популярдуу вебсайттар да кошулган. Долбоорду жактагандар интеллектуалдык менчикти мыйзамсыз колдонууга бөгөт коюлаарын айтышса, оппоненттер мыйзам кабыл алынса, цензурага жол ачылат, маалымат эркиндиги жана инновациялык жараяндар жабыркайт деп эскертишет.

Нааразылык чараларынан кийин 8 мыйзам чыгаруучу, анын ичинде 2 автору документтин ушул калыбында жактырылышына каршылыгын билдирдишти.

Буга чейин Ак үйдүн өкүлдөрү Конгресс мыйзам долбоорлоруна макул болсо да, президент Обама аларга вето коюшу мүмкүн деп кыйытышкан.

XS
SM
MD
LG