Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:40

Мааракелерди чектөө сунушталууда


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары белгилүү мамлекеттик ишмерлердин мааракелерин белгилөөдө ашыкча чыгымдан алыс болууга чакырууда. «Ата-Журт» фракциясынын депутаты Абдимуталип Кочкоров ысырапкорчулукту алдын алуу үчүн Жогорку Кеңеш атайын токтом кабыл алышы керектигин билдирди. Депутаттын жүйөөсү боюнча, мааракелерге сарпталган каражаттарды социалдык багытка жумшоо натыйжалуу болмок. Буга чейин да бир канча депутат аш-тойлорду чектөө демилгелерин көтөргөнү менен жыйынтык боло элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG