Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:41

Рик Перри Республикачыл партиянын талапкерлиги үчүн күрөштөн баш тартты


Түштүк Каролинада сүйлөгөн сөзүндө Техастын губернатору Өкүлдөр палатасынын мурдагы төрагасы Нют Гингричке колдоо билдирди:

– Бүгүн мен өз өнөктүгүмдү токтотуп, АКШнын президенттигине Нют Гингричти колдойм. Нютту мен биздин өлкөгө жаңылануу алып келе турган консерватор даанышман деп эсептейм.

Республикачыл партиядан талапкерлердин ат салышына Перри август айында кошулуп, сурамжылоодо алдыда келаткан, бирок шайлоо өнөктүгү жана талкуулар мезгилинде бир катар калпыстыктарды кетирип койду.

Перри 3-январдагы Айова штатындагы алгачкы тандоодо бешинчи, ал эми 10-январда Гемпширде алтынчы болуп келди.

Анын аралыгында, Республикачыл партиянын кеңсеси Айова тандоосунда Рик Санторум эң алдыда келаткан Митт Ромниден көп добуш алгандыгын бышыктады.

Башында Ромни эки апта мурдагы добуш берүүнү жеңип алды деп жарыяланган эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG