Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

21-январга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
21-22-январда жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда , тоолуу автожолдордо кар көчкүсү, кар күрткүсү болушу күтүлөт, муз тоңот. Кар көчкү болушу ыктымал аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо керек.

Аба ырайы
21-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр, Ысык-Көл акваториясында батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -21...-26, күндүз -5...-10,
Талас облусунда түнкүсүн -24...-29, күндүз -10...-15,
Баткенде түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...+3 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -12...-17, күндүз -2...+3,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -13...-18 градус, күндүз -3...-8,
Нарында түнкүсүн -27...-32, күндүз -15...-20,
Тоолордо түнкүсүн -34...-39, ал эми күндүз -20...-25 болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 21...23 градус, күндүз 6..8 градус суук болот.

XS
SM
MD
LG