Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Ысык-Көл менен Нарында электр жарыгын колдонууга чектөө кирет


Ысык-Көл жана Нарын облустарында электр энергиясына чектөө кирет. Бул тууралуу "Азаттыкка" “Чыгышэлектр” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл облусу боюнча тейлөө борборунун директору Рамил Мукамбетов билдирди. Анын айтымында, 19-январдан тарта Казакстан бирдиктүү энергетикалык шакекчеден чыга турганын билдирди. Токтогул ГЭСинен чыккан энергия Кыргызстан боюнча эки жол менен тарайт. Биринчисинен түз эле Бишкектин подстанциясына келет. Экинчиси Казакстан жана Өзбекстан аркылуу өтөт. Казакстан бирдиктүү шакекчеден чыкса электр биринчи гана жол боюнча берилип, ага күч келет. Ошондуктан чектөө киргизилет. (MTo/RK)

XS
SM
MD
LG