Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

НАТО Ооганстанда алты аскерин жоготту


Ооганстанда НАТО башындагы эл аралык күчтөр алты аскеринен ажырады. Ооганстандын түштүгүндө тик учак кыйрап, НАТОнун алты аскери набыт болду. НАТО өкүлү "Ройтерс" агенттигине билдиришинче, аскерий тик учак капылетке бейшемби күнү кабылган. Былтыр Ооганстандын чыгышында ушундай эле кырсыкта НАТОнун 30 жоокери бейажал өлгөн.

XS
SM
MD
LG