Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:58

Жарандык коом: Өкмөт абактар боюнча жыйынга чогулсун


"Жарандар коррупцияга каршы" укук коргоо борбору кыргыз өкмөтүн абактардагы абалды талкуулоо үчүн чукул жыйын өткөрүүгө чакырды. Укук коргоочулардын пикиринде, азыркы абалдан чыгуунун жолдору тез арада аныкталышы керек. Алардын айтымында, 18-январда парламентте болгон талкуу жабык жайлар системасын өзгөртүү, гумандуулук принциптерин жайылтуу көйгөйлөрүн эмес, Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин тегерегиндеги жеке маселелерди талкуулоо менен гана чектелди. 16-январда Бишкектеги №1 тергө абагында тополоң чыгып, ошондон бери дээрлик баардык абактарда камалгандар тамактан баш тартышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG