Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:26

Согди облусунда маңзат ташууга айыпталган кыргыз жаран 14 жылга кесилди


Тажикстандын Согди облусунун Исфара шаардык соту Кыргызстандын жараны Абдулхаким Матибраимовду маңзат жүгүртүүгө катышы бар деген айып менен 14 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Тажикстандын "Азия-плюс" агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, 46 жаштагы Матибраимов Согди облусунун маңзатка каршы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Исфара районунун Лаккон кыштагында кармалган. Анын үйүн тинтүү убагында 20 кило героин табылган.

Бул маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги тастыктай элек. (EzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG