Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:10

АКШ Дамасктагы элчилигин жабышы мүмкүн


Вашингтондогу расмий өкүлдөрдүн айтымында, Сириянын борбор шаарында коопсуздук абалы начарлап кеткенине байланыштуу Кошмо Штаттары бул өлкөдөгү элчилигин жабышы мүмкүн. Ак Үй бул чечим тууралуу “азыр президент Башар ал-Ассад өз өлкөсүндө кырдаалды башкара албай калды” деген ишеними күчөгөндөн кийин сүйлөй баштады.

Ушул аптанын башында Араб лигасы өзүнүн Сириядагы байкоочуларынын иши сынга алынганына карабай, аларды калтырууну чечкен. Кечээ болсо өлкөдөгү зомбулукта алты киши курман болду.

Ассадга каршы толкундоолорду күч менен басыш үчүн азыр козголоңдуу шаарларга кошумча аскер күчтөрү жайгаштырылды. Президенттин ондогон тарапкерлери баш калаа Дамаскта митингге чыгышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG