Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Нигериядагы зомбулукта кеминде 120 адам өлдү


Канодогу чабуул шаар тургундарын дүрбөлөңгө салды, 20-январь, 2012

Канодогу чабуул шаар тургундарын дүрбөлөңгө салды, 20-январь, 2012

Ар кайсыл кабарларда айтылып жаткандай, өлкөнүн Кано шаарында жума күнү кечинде болгон жардыруулардан кеминде 120 адам өлгөн. Муну чабуул болгон жерлерде адам өлүктөрүн чыгарып жаткан куткаруучулар да, ооруканалардагы догдурлар да тастыктап жатышат.

Кечээ 20дай жерде алдын ала уюштурулган катарма-катар жардыруулар болгон. Айрым жерлерде полиция менен атышуулар да катталган. Чабуулдарды исламчыл «Боко Харам» деген сектанын өкүлдөрү жасашканын айтышты. Алар буга чейин да христиандардын чиркөөсүнө чабуул жасап, ондогон адамдарды өлтүрүшкөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG