Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Йемендин экс-президенти АКШга дарыланганы баратат


Вашингтон Йемендин экс-президенти Али Абдулла Салехке АКШга уигенге виза берилгенин ырастады жана ал Кошмо Штаттарда “медициналык дарылоодон өткөнчө гана” болорун билдирди. Салех 22-январдагы телекайрылуусунда АКШга дарыланууга барарын айтып, 33 жылдык башкаруусу кезинде кетирилген бардык кемчиликтер үчүн элден, ар бир эркек-аялдан кечирим сурады. Ишемби күнү Йемен парламенти Салехке “кол тийбестик” укугун берген. Перс булуңундагы алты өлкөнүн арачылыгы менен жетишилген келишимге ылайык, Салех президенттикти өткөрүп берип, анын ордуна ар кандай жоопкерчиликтен кутулган.

XS
SM
MD
LG