Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:28

HRW эл аралык коомчулукту саясий исламдан коркпоого үндөдү


Эл аралык Хьюман Райтс Уоч уюму жаңы жарыялаган жылдык баянында эл аралык коомчулукту Араб өлкөлөрүндөгү саясий исламдан чочулабоого чакырды. Адам укугун коргоочу уюмдун айтышынча, эл арасында популярдуу болуп бараткан исламчыл партияларды чануу демократиянын принциптерин бузат. Хьюман Райтс Уочтун аткаруучу директору Кеннет Росстун билдиришинче:

- Алар бардык эркиндикке коркунуч туудурбай кайсы бир эркиндикти тандап алууга болбосун түшүнүшөт деген үмтүттөбүз. "Мусулман агайиндер" аларга парламентке шайланууга мүмкүндүк берген салттуу саясий эркиндикке көбүрөөк кызыгышат. Эгер сиз бир эле учурда диний эркиндикти же аялдардын укугун сыйлабасаңыз, саясий эркиндикти камсыздооңуз абдан кыйын болот.

Росс “Исламчыл партиялар менен алака түзүү адам укугун чанганды түшүндүрбөйт, саясий исламдын элементтерин урматтаганга тарбиялайт”, - деп кошумчалады. Анын сөзүнө караганда египеттик “Мусулман агайиндердин” демократиялык мүдөөсүн алардын мамлекетти кандай башкарганы көрсөтөт. Исламчыл партия Египеттеги парламенттик шайлоодо мандаттардын теңине жакынын алган. Бүгүн Египет парламентинин Өкүлдөр жыйыны биринчи сессияга чогулат.

XS
SM
MD
LG